"Курч пикирлер айтылбайт". Нурланбек Шакиев парламентти сындагандарга жооп берди
RU

"Курч пикирлер айтылбайт". Нурланбек Шакиев парламентти сындагандарга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан айрым сындарга жооп берди. Бүгүн, 7-сентябрдагы жыйында спикер орундуу да, орунсуз да сындар болуп жатканын белгиледи.

Айтымында, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары шайланып келгенден бери милдеттерин так, даана жана ачык аткарып келе жатат.

"Парламентте көп түрдүүлүк жок, депутаттар көз каранды, сырттан башкарылат, курч пикирлер айтылбайт" деген сындардын баарын четке кагам. Анткени, депутаттар борбордук трибунада дагы, өз ордуларында дагы каалаган сөздөрүн айтып, каалагандай сүйлөп жатат. Эч кимге чектөө жок", – деди Төрага Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар президент, Министрлер кабинетинин төрагасы баштаган бийлик жетекчилерине парламентте сын айтылбайт деген пикирге да кошулбай тургандыгын белгиледи.

"Алар кетирген кемчиликтерди мен да, депутаттар да байма-бай айтып келебиз. Айрымдарын элге көрсөтүп, микрофон аркылуу жарыя кылбасак да, жолугуп, сын-пикирибизди, кеп-кеңешибизди билдирип жүрөбүз", – деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14290