Каныбек Иманалиев билим берүү министри кызматынан бошотулду
RU

Каныбек Иманалиев билим берүү министри кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин администрациясы бүгүн, 7-сентябрда маалымдады.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Каныбек Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, Каныбек Иманалиев март айында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14294