Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы товарлардын жай өтүшү боюнча үн катты
RU

Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы товарлардын жай өтүшү боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Бишкекте өткөн кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында Казакстан көп учурда Кыргызстандын жүк ташуучу унааларын кечиктирип, өткөрбөй жатканын билдирди.

"Жыл сайын кайталанат. Биздин бизнес аксап жатат. Ар кандай себептерди ойлоп таап, чек араларды жаап, бизнес үчүн көтөрө алгыс шарттарды түзүп жатасыздар. Биздин ишкерлер кыйналып, чоң чыгымга дуушар болушууда. Товарлар көпкө туруп калып жатат. Эгер биз боордош, союздаш өлкөлөрдөн болсок мындай кылууга болбойт", - деди ал.

Эске салсак, 21-августта кыргызстандык жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары унааларды кечиктирип, өтө жай өткөрүп жатканына нааразы болушкан. Ошол эле күнү Кыргызстандын Чек ара кызматы жүк ташуучу унааларды казак тарап өткөрбөй жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14301