Министрлик базарларда сатылып жаткан окуу китептери боюнча түшүндүрмө берди
RU

Министрлик базарларда сатылып жаткан окуу китептери боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Базарларда сатылып жаткан китептер боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев маалымат жыйында түшүндүрмө берди. Ал басылып чыккан жана басууга даярдалып жаткан окуу-усулдук комплекстер же окуу китептердин баары эле Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү эместигин айтты.

"Алардын айрымдары жеке басылмаларга таандык. Автордук укук жана чектелген укуктар мыйзамы менен жөнгө салынат", - деди Супаналиев.

Ал эми мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматовдун айтымында, базарларга чыккан китептерге министрликтин эч кандай тиешеси жок.

"Жеке басылма үйлөрүнүн ишмердүүлүгүнө министрлик кийлигише албайт. Алардын басып чыгарган китептерин сатууга болот, болбойт дей албайбыз. Бул укук коргоо органдарынын компетенциясына кирбейт. Министрлик эч бир китепти базарга алып чыккан жок. Жеке басма үйлөрү чыгарган китептерди эгерде биз окуу китептеринин тизмесине кошсок, ала берсе болот", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14314