Баткен, Раззаков шаарларына аба каттамдардын саны көбөйөт
RU

Баткен, Раззаков шаарларына аба каттамдардын саны көбөйөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусуна аба каттамдардын саны көбөйөт. Бул туурасында президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Айтымында, ал "Тез Жет" авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугуп, Баткен шаарына авиакаттамдын санын көбөйтүү жана авибилеттин баасын түшүрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында аталган компания "Манас" аэропортунан Баткен шаарына аптасына эки жолу аба каттам уюштуруп берерин айтышты.

Тагыраагы, Баткен шаарына аптасына 2 жолу (шаршемби, жекшемби), ал эми Раззаков шаарына жумасына 3 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби) үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлөт.

Абдикарим Алимбаев белгилегендей, Бишкек-Баткен багыты боюнча биринчи аба каттам 13-сентябрдан (шаршемби) башталат.

Ал эми авиабилеттин баасы бүгүнкү күнгө чейин 6000 сом болуп келген болсо, мындан ары Баткен жана Раззаков шаарларына 5500 сомго чейин боло турган болду.

"Ошондой эле авиакассалардын өздөрүнүн кошумча кызмат акысын кошкондо жалпы авиабилеттин баасы 5750сомго чейин болот. Андан 1 тыйын да ашпашы керек. Эгерде, коюлган баадан аша турган болсо, сөзсүз түрдө авиакомпанияга кайрылуусу керек", - дейт облус башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14328