Энергетика министри быйыл көмүр боюнча маселе болбой турганын айтты
RU

Энергетика министри быйыл көмүр боюнча маселе болбой турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйын өткөрүп, анда быйылкы жылы көмүр жетиштүү болорун айтты.

"Бардык бюджеттик ишканалар жана калк көмүр менен толук камсыздалат. Кыргызстанда калк 1 млн 247 миң тонна көмүр керектейт. Бүгүнкү күндө 233 миң 300 тонна көмүр менен камсыздалды. Белгилей кетчү жагдай, көмүр кийинки жылдын 1-апрелине чейин жеткирилет", - деди ал.

Министр быйыл Кара-Кече көмүрү сатылбайт, бир гана Казакстандын көмүрлөрү сатылат деген кептерди четке какты.

"Ыш менен күрөшүү маселеси талкууланганда Казакстандын көмүрлөрү калориялуу келери, ошону киргизип, пайдаланалы деген сөз болгон. Биз колдонгон көмүрдүн жалпы көлдөмүнүн 30-35%ы Казакстандыкы. Калганы "Кыргызкөмүрдүкү", тагыраагы, 70% Кара-Кеченин көмүрү кирет. Быйыл көмүрдүн баасы тоннасы 4,5-5 миң сомго чейин болот", - деди Ибраев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14347