Энергетика министрлиги кышында электр менен жылытууга тыюу салат
RU

Энергетика министрлиги кышында электр менен жылытууга тыюу салат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министрлиги электр энергиясы менен жылытууга тыюу салууну карап жатат. Чектөө өлкөнүн энергетика тармагындагы кризиске байланыштуу киргизилүүдө дейт энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радионун" түз эфиринде.

Айтымында, учурда Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,9 миллиард куб метрге аз. Суунун аздыгынан электр өндүрүү да аз болууда. Ошол эле учурда электр энергиясын пайдалануу былтыркыга салыштырмалуу быйыл 10%га өскөн. Кризиске байланыштуу Энергетика министрлиги электр менен жылытууга тыюу салууну пландоодо.

"Быйыл кыш катуу болот, өткөн жылы электр жарыгын өчүрүү болбойт деп айтканбыз. Биздин бригада аны ишке ашырды. Быйыл суунун көлөмү аз болгондуктан, ички керектөө өсүүдө.

Быйыл кышында электр менен жылытууга толугу менен тыюу салууну пландап жатабыз, бирок ар бир керектөөчү лимиттин чегинде электр энергиясын пайдалана алат. Азыр биз алдын ала эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ар бир үйгө болжол менен 5 кВт берилет", - деди министрдин орун басары. Бирок бул тыюу кантип жөнгө салынарын тактаган жок.

Ошол эле учурда Байгазиев кышында маал-маалы менен чектөөлөр киргизилбей турганын, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин кошумчалады.

"Эң негизгиси үнөмдөп, ысырапкорчулуктан алыс болушубуз керек. Ар бир үйдө тиричилик техникаларын иштеткенге жете тургандай жарык болот. Бирок үйдү электр менен жылытууга күчүбүз жетпей калышы мүмкүн", - деп жыйынтыктады ал.

Министрдин орун басары калкты газ жана көмүр менен жылытууга өтүүгө чакырды. Ошол эле учурда Байгазиев Бишкекте түтүнгө байланыштуу көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн Кара-Кече көмүрүн колдонууга тыюу салынганын эскертти.

"Бишкектеги кампаларды сапаттуу, жогорку калориялуу көмүрлөр менен камсыз кылууга аракет кылып жатабыз, логистика маселеси чечилип жатат", - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Эске салсак, Кыргызстанда 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14262