Кышында свет 1,5-2 саатка өчүрүлүшү мүмкүн. Министр түшүндүрмө берди (видео)
RU

Кышында свет 1,5-2 саатка өчүрүлүшү мүмкүн. Министр түшүндүрмө берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл кышында электр жарыгы 15,-2 саатка өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында айтты.

Буга чейин энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев ар бир керектөөчүгө 5 кВт саат чектөө болорун айткан.

"5 кВт саат чектөө болот десе эл коркуп жатат. Бирок 10 кВт саатка чейин эч ким колдонбойт. Анткени бир фазалуу линиялар 5 кВт саатка ылайыкталган. 10 кВт колдонсо розеткалары күйүп кетет. Совет мезгилинде 3 кВт саат эле болчу. Ал эми 3 фазалуу линиянын колдонуучуларынын өздөрүнүн техникалык шарттары бар. Аларды эч ким чектей албайт", - деди министр.

Таалайбек Ибраев кышында эч кандай чектөө болбой турганын кошумчалады.

"Чектөөлөр болбойт. Эгерде керектөө өсүп кетсе подстанциядагы жүктөмдү азайтуу үчүн башка фидерге которобуз. Бул үчүн 1,5-2 саат убакыт кетет. Бул жөнгө салуучу иш-аракет. Былтыр да ушундай болгон, жаышрбайбыз, ачыгын айтып жатабыз. Эгерде андай кылбай койсок, трансформаторго күч келет да ал күйүп кетет. Аны оңдоого 3-4 күн кетип калат", - деп белгиледи Ибраев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14348