Кышында үйдү электр энергиясы менен жылытууга болобу?
RU

Кышында үйдү электр энергиясы менен жылытууга болобу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Электроэнергия менен жылытуу системасына альтернативасы жок көп кабаттуу үйлөргө 5 киловатт-сааттык чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков маалымат жыйында билдирди.

"Борбордук же автономдук жылытуу системасы жок үйлөр бар. Аларга чектөө киргизбейбиз. Былтыр деле электр энергиясы тартыш болгон. Бирок мындай үйлөргө чектөө коюлган эмес", - деп билдирди Рысбеков.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев үч фаза койдуруп, уруксат алгандар электр энергиясы менен үйүн жылыта алат деп билдирди.

"Мында чарбалык керектөөгө 10 киловатт, жылытууга 7 киловатт деген техникалык шарт бар. Бул документтин ээси электр энергиясын ушул көлөмдө колдонууга укугу бар. Бирок келишимде электр энергиясы өтө көп колдонулган сааттарда керектөөчү өзүн чектеши керек. Бул техникалык шарт аткарылбаса, келишим жокко чыгат.

Буга ылайык, максимумга жеткен сааттарда электр энергиясы менен жылытууну токтотуп же минимумга түшүрүп турууну суранабыз. Калган учурда чектөө жок, мурун да болгон эмес", - деди Ибраев.

Жылытууга башка альтернативасы жок үйлөргө электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14355