"Аю" холдингдин ээси соттун чечими менен сырттан камакка алынды
RU

"Аю" холдингдин ээси соттун чечими менен сырттан камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аю" холдингдин ээси Шаршенбек Абдыкеримов соттун чечими менен СИЗО-1ге сырттан камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Айыпталуучу А.Ш.Шга карата сырттан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын апрель айында ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Алкоголду жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иш алкоголдук продукцияны өндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте териштирилген. Анын алкагында спирт заводдун 3 кызматкери: 1971-жылы туулган "Токмок Буллз" ЖАКтын башкы директору А.А., спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы 1982-жылы туулган М.Т. жана башкы технолог 1988-жылы туулган И.А. кармалган.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, Шаршенбек Абыдкеримов өзү чет өлкөдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14361