Кара-Сууда 2 жашар кыз КамАЗдын алдында калып каза болду
RU

Кара-Сууда 2 жашар кыз КамАЗдын алдында калып каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 2 жашар кыз КамАЗдын алдында калып каза тапты. Маалыматты Ош олустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 7-сентябрда Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында айдоочу КамАЗды токтотуп, дүкөнгө кирген. Ошол маалда жүк ташуучу унаа алдыга жылып, 2021-жылы туулган кызды сүзүп кеткен.

Кыз ошол жерден жан берген. Ата-энеси экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, иликтөө иштери башталган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: nakanune.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14369