Тескери басылган, барактары актай таза. Ата-энелер базардан алган китептерин көрсөтүштү
RU

Тескери басылган, барактары актай таза. Ата-энелер базардан алган китептерин көрсөтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жаңы окуу жылы китептердин тартыштыгы менен башталды. Ата-энелер бул көйгөйдү өз алдынча чечүүгө мажбур: базарлардан сатып алышат же Билим берүү министрлиги сунуштаган китептердин PDF-версиясын көчүрүп алышат.

Бирок китеп сатып алгандардын баары эле маселе оңой чечилип калбаганын айтышат. Ата-энелер социалдык тармактарга сатып алган китептердеги кемчиликтер тууралуу видео, сүрөт менен бөлүшүүдө.

Алсак, "Кыргызстандын тарыхы", "Мекен таануу" (3-класс) китептери тескери басылып чыккан. Ал эми "Кыргыз адабияты" (9-класс) китебинде дээрлик бир нече барагы актай таптаза.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14371