"Сыйлыгыңар биздин сыймык". Спикер мамлекеттик сыйлык алган депутаттарды куттуктады
RU

"Сыйлыгыңар биздин сыймык". Спикер мамлекеттик сыйлык алган депутаттарды куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик сыйлык алган бир катар депутаттарды куттуктады. Ал белгилегендей, эл өкүлдөрү сыйлыкты татыктуу алышты.

"Урматтуу, депутаттар, сиздердин сыйлыгыңыздар биздин сыймыгыбыз. Сиздер татыктуусуздар. Баарыңыздарды Жогорку Кеңештин жана өзүмдүн атымдан куттуктайм. Дайыма ийгиликтердин үстүндө бирге бололу", - деди төрага.

Сыйлык алгандар:

  • Нурбек Сыдыгалиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары - "Даңк" ордени менен сыйланды.
  • Алмасбек Абытов, президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкөлү - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер деген ардактуу наамга татыды.
  • Бактыбек Сыдыков, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер ардактуу наамы менен сыйланды.
  • Гүлкан Молдобекова, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер ардактуу наамы менен сыйланды.
  • Данияр Толонов, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер ардактуу наамы менен сыйланды.
  • Шайлообек Атазов, Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер деген ардактуу наам менен сыйланды.
  • Балбак Түлөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы" менен сыйланды.
  • Лейла Лурова, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы" менен сыйланды.
  • Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.
  • Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.
  • Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.
  • Жалалидин Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.
  • Нурлан Ражабалиев, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.
  • Максатбек Сарбагышев, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.
  • Кундузбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.
  • Шаирбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.
  • Алишер Эрбаев, Жогорку Кеңештин депутаты - Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчи классттык чини менен сыйланды.

Белгилесек, Эгемендүүлүк күнүнө карата президент эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Сыйлыктарды расмий тапшыруу иш-чарасы 12-сентябрда болуп өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14379