Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Арасында депутаттар да бар
RU

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Арасында депутаттар да бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-сентябрда, өлкөгө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Мамлекет башчы өз сөзүндө ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу Кыргызстандын соңку тарыхында жакындарынын, тар чөйрөсүнүн гана камын жебей, өлкөм деп иштеген мекенчил инсандар мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн ар кыл тармактарда өзгөчө эмгек сиңирип, Ата журтка берилүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келатканын баса белгиледи.

Мамлекеттик сыйлык алгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар. Алар:

  • Шайлообек Атазов, Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер деген ардактуу наам менен сыйланды.
  • Балбак Түлөбаев менен Лейла Лурова Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы" менен сыйланды.
  • Бактыбек Сыдыков, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер ардактуу наам менен сыйланды.
  • Гүлкан Молдобекова, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер ардактуу наамы менен сыйланды.
  • Данияр Толонов, Жогорку Кеңештин депутаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер ардактуу наамы менен сыйланды.

  • Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Бактыбеков - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи ардактуу наамы менен сыйланды. Ушундай эле наам Жогорку Соттун судьясы Болотбек Акматовго ыйгарылды.

  • Алмасбек Абытов, президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкөлү - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер деген ардактуу наамга татыды.

Андан тышкары I даражадагы "Манас" ордени менен режиссёр, Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдиганы Эркебаев сыйланды.

III даражадагы "Манас" ордени Баткен облусунун Лейлек районундагы № 3 мектеп-гимназиясынын негиздөөчүсү, тарых мугалими Гапыр Мадаминовго, альпинист, коомдук ишмер, "Кыргыз Республикасынын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы" коомдук бирикмесинин президенти Эдуард Кубатовго ыйгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14210