Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурап, экинчи кайталанбай турганын убадалады. Видео
RU

Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурап, экинчи кайталанбай турганын убадалады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин жыйынына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун келгенине нааразы болду. Ал буга чейин министр кызматына талапкерлер көрсөтүлгөндө бул милдеттер президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго жүктөлгөнүн эске салды.

"Бүгүнкү күнгө чейин сунуштамаларды сиз киргизип келгенсиз. Бүгүн эмне болуп кетти? Эмне үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары парламентке келип, сунуштама жасап жатат?", - деп суроо салды депутат.

Чыңгыз Айдарбеков спикерге кайрылып, июнь айында эле Байсаловдун отставкасы боюнча сүйлөшүү болгонун, депутаттарды чыдап турууга чакырганын эске салды.

"2,5 жарым ай өтүп кетти. Бул маселе чечилбей турат. Бул киши Жогорку Кеңештин депутаттарына карата ар кандай сөздөрдү айтты, укуктарыбызды тебеледи. Азыр бул киши биздин токтомубузга карабай келип алды. Биз өзүбүздүн макамыбызды сыйлашыбыз керек. Байсалов ЖКны сыйлабай, бул театр, бул цирк деген. Министрликке талапкерлерди көрсөтүү укугун Байсаловго берип коюу туура эмес", - деди Айдарбеков.

Андан кийин трибунага Эдил Байсалов чыгып, дарегине карата айтылган сындарды кабыл аларын, бирок депутаттарды басынткысы келбегенин айтты.

"Мен ар дайым элдик бийликти, демократияны, ачык талкууну, бийлик бутактарынын эффективдүү иштешин жактап, күрөшүп келгем. Эмоциядан улам керексиз сөздөрдү айтсам, дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сурайм, урматтуу спикер, депутаттар. Каникулда мен да маалымат каражаттары аркылуу кечирим сурадым. Бийликтин эки бутагы тең өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн конструктивдүү иштешет деп ишенем. Мен бул маселе боюнча менин позициям бекем деп сөз берем. Мен убада берем", - деди Байсалов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14380