Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды
RU

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин жарлыгы менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды.

Белгилесек, 7-сентябрда Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөтүлгөн. 13-сентябрда депутаттар министр кызматына Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14391