Алматыда кармалган кыргызстандык ишкер баңгизатты атайылап салганын айтат
RU

Алматыда кармалган кыргызстандык ишкер баңгизатты атайылап салганын айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин укугун коргоо өтүнүчү менен Казакстандын акыйкатчысына кайрылды. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Буга чейин Акыйкатчы институтуна Эрмек Маркабаевдин Жылдыз аттуу жакыны кайрылып, ал бир тууганынын укугун коргоону жана аны мекенине кайтарып келүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Белгилүү болгондой, Алматы шаарындагы "Алтын Ордо" ири базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев 2023-жылы 2-июнда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Жактоочу берген маалыматка караганда, Эрмек Маркабаевди Казакстандын мыйзамдарын бузуу менен кармашкан. Социалдык тармактарда аны кармоо маалындагы видео жарыяланган. Жактоочунун айтымында, видеодо Маркабаевдин чөнтөгүнө майдаланган нерсе оролгон зат салып жатышкан учур көрсөтүлөт.

Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине Алматы шаарында кармалган Кыргызстандын жаранынын укугун коргоону камсыз кылууга чакырган билдирме жөнөттү. Министрлик өз кезегинде укуктук жана консулдук жардам көрсөтүү үчүн чаралары кабыл алынып жатканын, ошондой эле дипломатиялык жактан тиешелүү ноталар жиберилгенин билдирген.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү Маркабаев менен сүйлөшкөн. Маркабаевдин айтымында, базардын 20 пайызын коркутуу, кысым көрсөтүү менен тартып алуу үчүн анын чөнтөгүнө баңгизат салып коюшкан.

Акыйкатчы казакстандык кесиптешине 5-сентябрда расмий кат жөнөткөн. 13-сентябрда Казакстандын Акыйкатчы институтунан жооп келген. Анда Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына Эрмек Маркабаевдин укуктарын сактоо талабы менен кат жөнөтүшкөнүн маалымдашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14405