"Манас" аэропорту өз эсебинен Канададан учак сатып алды
RU

"Манас" аэропорту өз эсебинен Канададан учак сатып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен "Манас" эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду. Бул туурасында аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Dash-8-400 үлгүсүндөгү учакты алуу келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду.

Бул учактарды алуу Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн негизги кадамы болуп, ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.

De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип берет. Бул мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык аларды модификациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Учактарды алуу менен "Манас" аэропорту социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелерге артыкчылык берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14408