Кыргызстанда эң жогорку пенсия 100 миң сомдон ашат
RU

Кыргызстанда эң жогорку пенсия 100 миң сомдон ашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда эң төмөнкү пенсия 1500 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында билдирди.

Ал эске салгандай, пенсия социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүнө жана эмгек стажына жараша болот. Кыргызстанда эң аз пенсия 1500 сомду - 7200 адам алат.

"Бул минималдуу иш стажы бар адамдар - 1-3 жыл. Минималдуу эмгек стажы жана төгүмдөрү аз болгондуктан алар ушундай пенсия алышат", - деди Алиев.

Алиев белгилегендей, 3 миңге жакын адам 30 миң сомдон ашык пенсия алат.

"Көпчүлүгү мындай пенсияны депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер жана башка ушул сыяктуу жогорку кызматты аркалагандар алат деп эсептешет. Жок, оор өндүрүштө иштегендер ушундай пенсия алышат. Мындай эмгек шартынан улам алардын айлыктары жогору, демек, чегерүүлөр да көп болгон. Алар ушундай айлык алышкан, бирок ошол эле учурда алар ден соолуктарын жоготушкан", - деп белгиледи Алиев.

Кыргызстанда пенсиянын максималдуу өлчөмү 100 миң сомдон ашат. Социалдык фонд канча жаран мындай пенсия аларын тактаган жок. Кыргызстанда жалпысынан 762 миң пенсионер бар.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га көбөйтүлүп, 500 сомдон кем эмес акча кошулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14415