Пенсия жогорулагандан кийин орточо сумма 10 миң сомго чамалайт
RU

Пенсия жогорулагандан кийин орточо сумма 10 миң сомго чамалайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда пенсия жогорулатылгандан кийин орточо сумма 9 миң 354 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Ага ылайык, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га көтөрүлүп, 30 миң сомго чейин жетет. Минималдуу өсүш 500 сом, орточо өсүш 1692 сом болот. Бул көбөйтүүгө Социалдык фонддун өздүк каражаттарынан 3,9 миллиард сом каралган.

Ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 30 миң сомдон ашык көбөйтүү боюнча учурда Социалдык фонд эсептөөлөрдү жүргүзүүдө.

"Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт. Көбөйтүү орточо эсеп менен 1692 сомду түзөт, бирок камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша ар бир пенсионерге ар кандай сумма кошулат", - деди Алиев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14417