Элчилик: Россиядагы массалык мушташка кыргызстандыктар катышкан эмес
RU

Элчилик: Россиядагы массалык мушташка кыргызстандыктар катышкан эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айрым маалымат каражаттары 15-сентябрда Россиянын Красногорск шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандарынын катышуусунда массалык мушташ болгонун жазып чыккан.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тактоо жүргүзгөн.

"Россиянын компетенттүү органдарынан алынган маалыматтар боюнча Красногорск шаарында болгон массалык мушташтын кашыуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок", - дешет элчиликтен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14425