Кыргызстандын элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды
RU

Кыргызстандын элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине "бийликтин жогорку өкүлүнүн" билдирүүсүнөн улам чакырылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 15-сентябрда маалымат каражаттарына чыккан Кыргызстандын мамлекеттик өкүлүнүн тажик-кыргыз чек ара маселелери боюнча айткандары тажик тараптын тынчсыздануусун жаратканы айтылды.

Мындай пикирлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр процессинин жүрүшүнө олуттуу зыян келтирип, өз ара ишенимге алып келери баса белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, 15-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз жерлери коңшу өлкөгө өтүп кеткенин тастыктаган документтер бар экенин айткан. Коңшу тарап дооматынан баш тартпаса ал документтерди Кыргызстан көрсөтөрүн айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчинин Тажикстандын ТИМине чакырылганы боюнча маалыматты тактап жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14428