"Каныкей деле Манаска берген уу коргошунду". Депутат Камчыбек Жолдошбаев министрге болушту
RU

"Каныкей деле Манаска берген уу коргошунду". Депутат Камчыбек Жолдошбаев министрге болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге болушту.

Анын айтымында министрге тийишпей туруу керек. Ал оптимизация өткөрүп, республиканын масштабында кыйла жакшы иштерди жасады.

"Бул эми кыргыз журтчулугу боюнча, кыргыз эли боюнча оптимизация, бүт республика боюнча абдан чоң иштерди жасаган, бул бир. Экинчиден, республика боюнча больница менен поликлиникаларды кошкон. Ошондой эле пандемия боюнча бир топ жакшы иштерди жасап, Турция, Россия, Кытайдан бери кыдырып келген. Ушуну, урматтуу депутаттар, ортодон туруп алып эле интригаларды баштап, бирдемке кылып атасыңар. Жакшы иштеп жаткан кишини тим коюш керек да. Көрөлү иштеп көрсүн. Ортодон кыйшаңдаткан да болбойт", - деди депутат.

Андан тышкары, Жолдошбаевдин сөзү боюнча, уу коргошунду Каныкей апабыз да колдонуп келген.

"Ал Манастан бери келаткан. Каныкей Манаска берген муну. Ичип, денеси чыңалсын деп. Мына ушундай жакшы ойлорду жасап келсе, силер тескери иш жасап жатканыңарды мен көрө албайт элем да", - деп депутат министрге болуша кетти.

"Аны ичкиле деген жок ал. Бул элдик дарылоо. Ушуну, жолдош төрага түз деп айтып, түшундүрүп койсоңор болот эле", - деп депутат сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1445