"Манас" аэропорту Канададан сатып алган учактын баасы айтылды
RU

"Манас" аэропорту Канададан сатып алган учактын баасы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен Канададан эки учак сатып алды. Аэропорттун жетекчиси Манасбек Самидинов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында учактардын баасын айтты.

"Бир учактын баасы 6 млн доллардын тегереги болду. Учактын чыккан жылы 2013-жыл. Авиацияда 2013-жылдагы учактар жакшы деп эсептелет. Бизде колдонулуп жаткан учактардын көбү 80-90-жылдагылар", - деди Самидинов.

"Манас" ААКысынын төрагасы кошумчалагандай, Bombardier Dash 8 Q400 учактары 80 орундуу.

"Биз учактарга кислороддук системаны орнотобуз. Биздин өлкө тоолуу, ал эми Жарандык аваициянын талаптарына ылайык учактар кислород менен жабдылышы керек. Бул иш убакытты талап кылат, учурда учактарды айтып өткөн система менен жабдуу иштери жүрүүдө. Ошондон улам учактар 2024-жылы жеткирилет", - дейт ал.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: airwar.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14460