"Манас" аэропорту "Асман" авиакомпаниясын ачты. Жаңы компания тууралуу
RU

"Манас" аэропорту "Асман" авиакомпаниясын ачты. Жаңы компания тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропорту өзүнүн "Асман" авиакомпаниясын ачканы буга чейин кабарланган. Аэропорттун жетекчиси Манасбек Самидинов жаңы авиакомпанияга эки учак сатып алганын "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн жыйында айтты.

"Жаңы ачылган авиакомпания 100% аэропортко караштуу болот. Биз бул аба компанияга Канададан Bombardier Dash 8 Q400 деген эки учакты алдык. 80 орундуу, кыймылдаткычы турбовинттүү (газ турбиналык кыймылдаткычтын бир түрү). Эмне үчүн турбовинттүүгө токтолдук? Бизде билеттердин баасы аябай көйгөйлүү маселе. Экономикалык жагын карап, ушундай учакты алууну чечтик", - деди башкармалыктын төрагасы.

Манасбек Самидинов кошумчалагандай, жаңы учактар 2024-жылы жеткирилет. Ал эми экинчи фазада "Асман" авиакомпаниясы үчүн экинчи фазада дагы эки учак алынат.

"Ошондо биз ички каттамдарды толугу менен жабабыз. Компания киреше алып келиши үчүн ички каттамдан тышкары жакынкы кошуна өлкөлөргө (Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Кытай) да каттамдарды ишке ашырабыз", - дейт аэропорттун жетекчиси.

"Манас" ААКтын төрагасы билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14459