Кыргызстандан унду экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды
RU

Кыргызстандан унду экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандан буудай, меслин жана унду экспорттоого тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Мындай чечим унга жана азыктык будайга болгон баанын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, унга болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында иштелип чыкканы айтылат.

Бул продукт социалдык маанилүү мүнөзгө ээ жана рынокто чийки заттын жетишсиздиги өлкөдө азык-түлүк кризисине алып келиши мүмкүн.

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын ун өндүрүүчү ишканалар ассоциациясынын жана россиялык "Союзроссахар" бейөкмөт уюмунун суроо-талаптарын эске алуу менен баанын өсүшү жана продукциянын жетишсиздиги жаралышы мүмкүн экенин белгилейт.

Буга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө болбогон мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары буудай, меслин жана унду алты айга чейинки мөөнөткө ташып чыгууга (экспорттого) чектөө киргизүү сунушталат.

Эске салсак, буга чейин Монополияга каршы кызмат Кыргызстанда импорттук ундун баасы жогорулаганын билдирген. Өз кезегинде Министрлер кабинети жарандарды продукциянын кымбаттыгынан улам дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, Кыргызстанда ун жетиштүү экенин белгилешкен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: aftag.info.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14477