Түркияда кулаган тик учак кырсыгы. Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү өлкөгө жеткирилди
RU

Түркияда кулаган тик учак кырсыгы. Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү өлкөгө жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыкты. Мындай маалыматты тышкы саясий ведомстводон билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-сентябрда каза болгон жарандардын сөөктөрү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин Измирге жакын жайгашкан Түркиянын Мендерес шаарында өрт өчүрүүчү тик учак кулаганы маалымдалган. Учакта төрт адам болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны экени айтылган. Алардын бири тик учактын учкучу - тирүү табылып, ооруканага жаткырылган. Ал эми эки кыргызстандыктын жансыз денелери табылган.

Түрк маалымат каражаттары жазгандай, тик учак Измирдеги токой өрттөрүн өчүрүүгө тартылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: trthaber.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14478