Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында финалга чыгып Олимпиадага жолдомо алды
RU

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында финалга чыгып Олимпиадага жолдомо алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы өтө турган Париждеги Олимпиадага жолдомо алды.

Ал жарым финалда германиялык Луиза Ниемешти 4:2 эсеби менен утту.

Айсулуу Тыныбекова бул жеңиши менен Кыргызстанга экинчи Олимпиадага жолдомо алып келди.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова бүгүн жаракатына байланыштуу дүйнө чемпионатынан четтетилип, Олимпиадага жолдомо ала албай калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14488