Чет элдик тасмалар эми кыргызча субтитрлер менен көрсөтүлө баштайт
RU

Чет элдик тасмалар эми кыргызча субтитрлер менен көрсөтүлө баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын жаз айларынан тарта чет элдик тасмалар кыргызча субтитрлер менен көрсөтүлө баштайт. Бул туурасында "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборборунан маалымдашты.

Аталган кино борбор чет элдик тасмалардын ири дистрибьюторлору менен бул боюнча макулдашышты.

"Кыргызтасмасы" мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков чет элдик тасмаларды кыргыз тилине дубляждоо маселеси боюнча алгачкы кадам ташталганын билдирди.

"Баштапкы этапта эң оптималдуу вариант бул – субтитр менен коштоо, себеби дубляж жана синхрондуу котормо чоң бюджетти талап кылат", - дейт ал.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: "Первое областное" агенттиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14499