Ташиев ундун баасы кымбаттады деген депутаттарга эскертүү берди
RU

Ташиев ундун баасы кымбаттады деген депутаттарга эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ундун баасынын көтөрүлүп жатканы боюнча пикирлерге социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Ал парламентте бул маселени көтөргөн депутаттарга да кайрылды.

"Ундун баасы көтөрүлүп кетти деп хайп кармаган депутаттарга айтарым - баа көтөрүлбөйт. Мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казактардын унунун баасы которулду, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт.

1-сорт ундун баасы 30 с/кг, бир кап ун 1500 сом. Жакын арада мындан да тоөмөндөшү мүмкүн. Себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет.

Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу камсыздалган.

Ошондуктан ЖКнын депутаттары Маматалиев, Икрамов "тормозни-сникерсни!", - деп жазды Ташиев.

Эске сала кетсек, акыркы аптада Кыргызстанда импорттук ундун баасы кымбаттады. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, баанын өсүшү Казакстандан келген жүктөрдүн азайышы менен шартталат. Ал эми Министрлер кабинети калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14506