ИИМ зордук-зомбулукка каршы күрөшүү үчүн "Кадес" мобилдик тиркемесин ишке киргизет
RU

ИИМ зордук-зомбулукка каршы күрөшүү үчүн "Кадес" мобилдик тиркемесин ишке киргизет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Азыркы учурда республиканын аймагында 59 милициянын көчмө кабылдамалары жарандарга сервистик тейлөө иштерин алып барышат.

Мындан сырткары Ички иштер министрлиги тарабынан зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга тез жардам берүү максатында, Түркия мамлекетинин Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган "Кадес" мобилдик тиркемеси иштелип жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү үчүн тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

"Кадес" мобилдик тиркемеси аркылуу аялдар жана кыздар физикалык зомбулукка кабылган учурларда гана эмес, сексуалдык зордук-зомбулукка, асылууга, аңдууга жана башка кооптуу кырдаалдарда жардам сурай алышат.

Эгерде-зордук зомбулук аракеттерин жасаган кырдаалга туш болсо же кандайдыр бир коркунуч сезилсе (мисалы, ээн көчөдө, караңгы жерде), жөн гана телефонго жүктөлгөн тиркемени ачып, экрандагы баскычты басат. Ошол замат жардам баскычы дароо милициянын операторуна жөнөтүлөт (жайгашкан жериңизге жараша), жакын арадагы кайгуул же милиция кызматкерлери тез аранын ичинде геолокация аркылуу келет жана жардам көрсөтөт.

Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө, ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылууда коом жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр экендигин билдирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14517