Инвестордон акча талап кылгандардын бири мурда депутаттыкка талапкер болгон
RU

Инвестордон акча талап кылгандардын бири мурда депутаттыкка талапкер болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик хансарайдын жумушчуларын арыз жазууга мажбурлап, арыз менен ишкерди шантаж кылгандардын бири мурда депутаттыкка талапкер болгон Төлөнбай Нурбаев экени белгилүү болду. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстандын 3 жараны чет элдик инвестордон 200 миң доллар талап кылган деген малымат таратты. Анда Т. Н. (Төлөнбай Нурбаев) жогорку кызматтагы байланыштарына таянып, баласы жана Фазиль аттуу жаран менен президенттин администрациясынын имаратын куруп жаткан 3 жумушчуну коркутуп, чет элдик инвесторго каршы арыз жазууга мажбурлаган. Анда инвестор жумушчулардын ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп айтылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында акча талап кылганга шектелип 3 адам кармалды.

Kaktus.media сайтына белгилүү болгондой, Төлөнбай Нурбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Биримдик" партиясынын катарында талапкер болгон. 2011-2013-жылдары Жаштар, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басарынын түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү болуп иштеген.

Ал эми 2023-жылы Ысык-Көлдөгү Асман экологиялык шаарынын курулушуна капсула салуу салтанатына катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14541