Түштүк магистралдагы атайын тилкеде бардык унаалардын жүрүүсүнө уруксат берилет. Шарты бар
RU

Түштүк магистралдагы атайын тилкеде бардык унаалардын жүрүүсүнө уруксат берилет. Шарты бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы бардык айдоочуларга Түштүк магистралдагы автобус (сары) тилкесинде саат 20:00дөн 07:00гө чейин жүрүүгө уруксат берет. Бул тууралуу шаардык мэриянын Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү жол белгилери даярдалууда, алар бир аптадан кийин орнотула баштайт.

"Бардык унааларга кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 07:00гө чейин аталган тилкеде жүрүүгө уруксат берилет. Эки аптадан кийин бул эреже иштей баштайт", - деди Уезбаев.

Белгилесек, Түштүк магистралдагы автобус үчүн тилке 1-сентябрдан баштап ишке кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14544