Бакыт Төрөбаев нандын баасы төмөндөбөсө жөнгө салуучу чара киргизилерин айтты
RU

Бакыт Төрөбаев нандын баасы төмөндөбөсө жөнгө салуучу чара киргизилерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев нан чыгарган ишкерлерге, наабайкана ээлерине кайрылып, бааны төмөндөтүү өтүнүчүн келтирди. Бул туурасында ал Facebook баракчасына жазды.

Айтымында, Министрлер кабинети биргелешкен аракеттердин натыйжасында казак унунун кымбатташына байланыштуу ажиотажды токтотуп, ундун баасын турукташтырууга жетишти.

"Бирок Казакстандын унуна болгон баанын көтөрүлгөнүнөн пайдаланып, нан чыгарган ишканалар, наабайканалар нанга болгон бааны 5 сомдон 7 сомго чейин көтөрүп алышты.

Урматтуу, нан чыгарган ишканалардын жетекчилери, набайканалардын ээлери сиздерге нанга болгон бааны төмөндөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылабыз.

Болбосо мамлекет нандын баасын калкыбыз үчүн жеткиликтүү кылуу максатында жөнгө салуучу чараларды киргизүүгө мажбур болот.

Мамлекет үчүн негизги керектелүүчү азык-түлүктөргө болгон бааларды өлкөбүздүн бардык жарандары үчүн жеткиликтүү кармоо аябай маанилүү. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланышкан бул маанилүү маселеде бизди түшүнгөнүңүздөр жана кызматташканыңыздар үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14553