Президент Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн, алардын машыктыруучуларын сыйлады
RU

Президент Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн, алардын машыктыруучуларын сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана алардын машыктыруучуларын сыйлады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, анда бардык кыргызстандык күйөрмандардын атынан Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бекем эркти көрсөтүп, сыноолордон намыскөйлүк менен ийгиликтүү өткөн спортчуларга ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат.

Садыр Жапаров Кыргызстан отуздан ашуун мамлекеттин арасынан командалык зачетто 3-орунду ээлегенин канааттануу менен белгиледи. Өлкөнүн тарыхында мындай натыйжа биринчи жолу жетишилип, тарых баракчасы жаңыланганын айтты.

"Силердин ийгилигиңердин, жеңишке жетүүңөрдүн артында 10, балким 20 жылдаган талбаган, үзгүлтүксүз эмгек жатат. Спорт менен машыгып жүргөн инсан катары мен сиздерди абдан жакшы түшүнөм. Спортчулардын жеңиштери талыбас эмгектен, туруктуулуктан, темирдей бекем эрктен, ошондой эле машыктыруучулардын чеберчилигинен башат алат. "Эр эмгегин жер жебейт" деген накыл кеп сыңары, сиздердин талбаган эмгегиңиздер текке кетпей, Ата Мекениңерди даңктап эле тим болбостон, миңдеген жаштардын жүрөгүн жалындатып, Кыргызстандын атын чыгарууга чоң түрткү берип жатасыздар.

Бул жолку ийгилигиңиздер биринчиси же акыркысы эмес. Августта эле Түркия мамлекетинде өткөн V Ислам оюндарында ушундай бийик көрсөткүчтөр менен баарыбызды кубанттыңыздар эле. Бул ирет дагы кыргыз спортунун күчүн Сербия өлкөсүндө тастыктап келдиңиздер. Кудай буюрса, сиздерди алдыда мындан да чоң жетишкендиктер күтүп жатат", - деди президент.

Мамлекет башчы улуттук курама команданын жалпы машыктыруучуларына талыкпас эмгекчилдиги, өзгөчө мекенчилдиги менен эл аралык деңгээлде даярдаган спортчулары өлкөгө жеңиш алып келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары Садыр Жапаров чемпиондорду тарбиялоого кошкон салымын белгилөө менен алардын ата-энелерине да ыраазычылык билдирди.

Сыйлоо аземинде президент жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй өлчөмдөгү акчалай сертификаттарды тапшырды:

  • Алтын тагынган спортчулар Айсулу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков - 1 миллион сом;
  • Күмүш медаль алган Айпери Медет кызы - 750 миң сом;
  • Коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулу - 500 миң сом.

Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14561