Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээлешти
RU

Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээлешти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жаңыланган рейтингинде биринчи орунду ээлешти.

UWW билдиргендей, 60 килограммга чейинки салмак ченинде балбандардын рейтингинде Жоламан Шаршенбеков тизмеде биринчи, кытайлык Лигуо Као экинчи, Кеничиро Фумита (Япония) алдыңкы үчтүкко илинген.

Белгилей кетсек, жакында өткөн дүйнө чемпионатында Шаршенбеков финалда Фумитаны жеңип, алтын тагынган. Ошондой эле Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган.

Күчтүү балбандардын рейтингинде дагы бир кыргызстандык - 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Акжол Махмудов биринчи орунду ээледи. Кыргызстандыктын артынан армениялык Малхаш Амоян, үчүнчүдө венгриялык балбан Золтан Леваи келе жатат.

Махмудов Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында да алтын утуп, ошону менен Шаршенбеков сыяктуу дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. Ошондой эле 2024-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Дүйнө чемпиондугунда бешинчи орунду ээлеген Амантур Исмаилов 67 килограммга чейинки салмак ченинде балбандардын рейтингинде алтынчы орунда турат.

Кыргызстандыктар арасында эркин күрөш боюнча жалгыз медаль ээси Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг чейин) жаңыланган рейтингде 2-орунду ээлесе, Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) дагы 2-орунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14545