Нарында 7 жашар кыздын өлүмүнө шектелген кишини сот 12 жылга эркинен ажыратты
RU

Нарында 7 жашар кыздын өлүмүнө шектелген кишини сот 12 жылга эркинен ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында 7 жашар кыздын өлүмүнө шектелген киши 12 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Нарын райондук соту 22-августта кабыл алган.

Нарын облустук сотунан редакцияга билдиришкендей, айыпталуучу Ш.Хнын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 29-апрелинен баштап эсептелип, жалпы тартиптеги түзөтүү абагына киргизүү чечими чыккан.

Жабырлануучу тарап райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, 25-сентябрда жогорку инстанцияга, тагыраагы, Нарын облустук сотуна апеллациялык даттануу менен кайрылышты. Аталган кылмыш иши кийинки аптада облустук сотто каралышы мүмкүн.

Райондук соттун чечими боюнча түшүндүрмө

Кылмыштын мүнөзүн, оордугун, 7 жашар кызга карата жасалгандыгын, коомго коркунуч жаратканын, өзгөчө терс резонанс жаратканын эске алып, айыпталуучуга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3,7,8,14-пункуттарында көрсөтүлгөн белгилери боюнча өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленмек.

Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесинин 2-бөлүгүндө "Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу - аялдарга, 18 жашка чейинки курактагыларга, кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге дайындалбайт" деп көрсөтүлгөн.

Айыпталуучу Ш.Х. кылмыш жасаган учурда 64 жашта болгондуктан сот аны 12 жылга эркиндигинен ажыратты дешти облустук соттон.

Кылмыш тууралуу

Ушул жылдын 28-апрелинде Нарын районунун Орто-Нура айылында 7 жаштагы кыз мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес. Апасы милицияга жана айыл тургундарынын WhatsApp группасына кабар берген. Ошол эле күнү саат 22:10 чамасында кароосуз калган үйдөн 7 жашар кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар табышкан.

Окуучунун денесине сырттан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилер аныкталган. Шектүү катары ошол эле айылдын 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу тургуну мас абалында кармалып, СИЗОго киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14573