Эдил Байсалов менен Алтынбек Максүтовго президент эскертүү берди
RU

Эдил Байсалов менен Алтынбек Максүтовго президент эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго эскертүү берди. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Айтылгандай, Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго эскертүү берилди.

Бул чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алуу иш-чарасын жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14574