Жол кирени накталай алган автобус айдоочулары иштен алынды
RU

Жол кирени накталай алган автобус айдоочулары иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Автобустарда жол кирени накталай алган 3 айдоочу жумуштан алынды. Бул туурасында Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынан маалымдашат.

Белгиленгендей, муниципалдык ишканада эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда жол кирени накталай алган айдоочулардын иши каралды.

Жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу Ж.С., №36 каттамдын айдоочусу К.М., №195 каттамдын айдоочусу М.Д. иштен алынды.

Буга чейин автобустун айдоочулары жол кирени накталай акча менен алган болсо катуу чара көрүлөрү эскертилген.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы жол кире акысын накталай алган айдоочулар тууралуу фото, видео фактыларды ишкананын 0709572707 WhatsApp номерине жөнөтүүнү суранат.

"Сиздер айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй калат. Ошон үчүн жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранабыз", - дешти ишканадан.

Эске сала кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

  • 3 категориядагы "Тулпар" транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
  • Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
  • Виртуалдуу NFC картасы;
  • "Тулпар" жана Balance, Mbank, Megapay ж.б. тиркемелер менен QR сканерлөө;
  • "Тулпар" тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14581