Уланбек Усеков билим берүү министринин милдетин аткаруудан бошотулду
RU

Уланбек Усеков билим берүү министринин милдетин аткаруудан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду. Маалыматты президенттин администрациясынан кабарлашты.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, ага ылайык, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков буга чейин жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14587