Билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп Уланбек Усеков дайындалды
RU

Билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп Уланбек Усеков дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматты президенттин администрациясынан билдиришти.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, билим берүү жана илим министри белгиленген тартипте дайындалганга чейин бардык милдеттер билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усековго убактылуу жүктөлдү.

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин орун басары болуп 2023-жылдын январында дайындалган. Ал бул кызматка Талантбек Бекташов кызматтан кеткенден кийин келген. Усеков кызматка дайындалганга чейин аппарат жетекчисинин орун басары – президенттик аппараттын иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйындарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Белгилесек, президент Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматынан бошотту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14295