Дайынсыз болуп жаткан блогер Бекболот Турдушов аман-эсен табылды
RU

Дайынсыз болуп жаткан блогер Бекболот Турдушов аман-эсен табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-сентябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан блогер Бекболот Турдушов Бишкек шаарынан табылды. Маалыматты редакцияга Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз жоголгон өспүрүм Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон. Көрсө, ал достору менен 25-сентябрда Бишкекке кетип, шаарда жүргөнү белгилүү болду. Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат.

Белгилей кетсек, Бекболот Турдушов 25-сентябрда болжол менен саат 15:00 чамасында Каракол шаарындагы дос балдарына жолугуп келем деп кеткен бойдон кайтып келген эмес. Мындан улам атасы 26-сентябрда милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган билдирүү Каракол ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14593