Мурунку күйөөсү кулак, мурдун кесип салган келин коомчулукка кайрылуу жасады
RU

Мурунку күйөөсү кулак, мурдун кесип салган келин коомчулукка кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы күйөөсүнөн ырайымсыз зомбулукка кабылган 36 жаштагы Асел укук коргоо органдарына көп жолу кайрылганын, бирок үнү эч кимге ушулбаганын айтып, кыска видеокайрылууну коомчулукка жолдоду.

Анын билдирүүсүнүн видеосу ага жардам берүү максатында ачылган Instagram баракчасына жарыяланган.

"Мен Кыргызстанга келгенден баштап бул зөөкүр жанымды койгон жок. Менин кайрылбаган жерим калган жок. Канча арыз жаздым, канча укук коргоочуларга кайрылдым.

Менин укугум корголгон жок. Менин үнүм эч кимге жеткен жок", - деди.

Белгилей кетсек, видеого караганда, ага бул сүйлөмдөрдү айтуу кыйын. Жабырлануучунун абалы дагы деле оор.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14612