Ырчы Нурайым Биржан Байболду концерттен чыгарып салган окуяны түшүндүрдү
RU

Ырчы Нурайым Биржан Байболду концерттен чыгарып салган окуяны түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Нурайым Акылбекованын жеке коцертинде казакстандык ырчы Биржан Байболду залдан чыгарып салышкан эле. Бул ырчынын күйөрмандарынын дагы деле кызыгуусун жаратты. Соцтармакта Нурайымдын күйөрмандары концерттен кесиптешин эмнеге чыгарып салышканын сураган. Буга ырчы кыз жооп берип, алдыда дагы кенен айтып берерин белгиледи.

Айтымында, концертте көрүүчү болуусуна каршылыгы жок.

"Биз сахнага чыгарган жокпуз. Концерттин экинчи күнүндө бир тууганым сюрприз кылып келген. Акемди да сахнага чыгарбай кыйнады. Өзүн көрсөтпөй эле колун сунуп гүлүн берсе болбойт беле? Мен-мен деген кыйын адамдар сахнага чыкпай эле берип жатты. Бул жөнүндө дагы кенен айтып берем", - деп жооп кылды.

Эске салсак, 25-26-сентябрда Нурайым Акылбекова филармониянын залында жеке концертин өткөргөн. Ага Биржан Байбол да барган. Ал гүлүн берерде күзөтчүлөр Биржанды залдан чыгарып салышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14627