Күйүүчү майдын тартышыгы жаралышы мүмкүн. Министрлик тынчсызданууга негиз жоктугун айтты
RU

Күйүүчү майдын тартышыгы жаралышы мүмкүн. Министрлик тынчсызданууга негиз жоктугун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы 20 күндөн кийин өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгы жаралышы мүмкүн деп коңгуроо кагууда. Мунай өндүрүүчүлөр ассоциациясынан билдиришкендей, буга Казакстандын күйүүчү-майлоочу майларды темир жолу аркылуу ташууга тыюу салганы себеп.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып "Казакстан Темир Жолы" улуттук компаниясы расмий билдирүү бербестен ай сайын жүк ташуу пландарын, ошондой эле транзиттик күйүүчү-майлоочу майларды ташуу боюнча кошумча пландарды макулдашууну токтоткон.

Жергиликтүү мунай сатуучу компаниялар "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен бул маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылып жатканы айтылды. Бирок азыркы тапта октябрь айына жарыяланган пландардын дээрлик бардыгы "Казакстан темир жолы" тарабынан четке кагылган.

"Бул көйгөй 20 күндүн ичинде Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгын жаратышы мүмкүн. Андыктан бул маселе эки өлкөнүн өкмөттөр аралык деңгээлинде чечилиши керек", - дешет ассоциациядан.

Ал эми Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Россиядан Казакстан аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүүдө мүмкүн болгон көйгөйлөр тууралуу кооптонууга негиз жок экенин билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, бул маселе эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде каралып, азыр министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Бакыт Төрөбаевдин көзөмөлүндө.

"Темир жолдогу тыгындан улам кыйынчылыктар жаралууда. Учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын директорунун орун басары жеринде иш алып барууда", - деди Малаев.

Министрдин орун басары бул сезондук көрүнүш экенин, темир жолдогу тыгындан улам Казакстан аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды ташуу кечеңдеп жатканын баса белгиледи. Ал кошумчалагандай, казак тарап күйүүчү-майлоочу майлардын транзитин координациялай баштады, октябрь айына арыздардын 80%ы жактырылды, план ай сайын макулдашылат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14633