Догдуркүл Кендирбаева Каныбек Иманалиев кызматтан эмнеге бошотулганын айтты
RU

Догдуркүл Кендирбаева Каныбек Иманалиев кызматтан эмнеге бошотулганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети билим берүү министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин карап жатат. Анда депутат Айбек Маткеримов Каныбек Иманалиев эмне үчүн кызматтан кеткенине кызыкты.

Билим берүү министри кызматына талапкер Догдуркүл Кендирбаева экс-министрдин кызматтан бошотулган себебин билерин айтты. "Окуу китептери менен камсыздоо маселеси чечилген эмес. Мен мунун үстүндө иштейм. Экинчиден, билим берүү тармагындагы коррупцияны азайтууга аракет кылам", - деди ал.

Белгилесек, сентябрь айынын башында Садыр Жапаров Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматынан бошоткон. Министрдин милдетин убактылуу аткаруу Уланбек Усековго жүктөлгөн.

28-сентябрда президенттин жарлыгы менен билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14629