Депутат: Айыл чарба министрлигине Камчыбек Кыдыршаевичтин балдарынан жөнөтүп койгулачы
RU

Депутат: Айыл чарба министрлигине Камчыбек Кыдыршаевичтин балдарынан жөнөтүп койгулачы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов буудайдын, ундун таңкыстыгына Айыл чарба министрлигин күнөөлөдү. Депутаттын айтымында, министрлик дыйкандарды үрөндөр менен камсыздаган эмес.

Шайлообек Атазов эмне үчүн дыйкандар үрөндөр менен 100% камсыздалбаганына кызыкты. Ага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков: "Анализден өткөн үрөндөр өзүнчө эсептелет, жалпы үрөн өзүнчө эсептелет. Бизге жазгы себүүгө 66500 миң тонна үрөн керек болчу. Анын ичинен 65% лабораториялык текшерүүдөн өттү дегендик. Ал эми өзүбүздө өндүрүлгөн үрөн менен 95% камсыз кылдык", - деп жооп берди.

Андан кийин депутат жер семирткичтер менен канча пайыз камсыздалганын тактады. Министр же семирткичтердин баасы, көлөмү боюнча такыр маселе жок деди.

Шайлообек Атазов: Мындай айтсаңыз эл ишенет да, 11% эле камсыз кылдыңыздар жер семирткичтер менен.

Айыл чарба министри: Биздеги маалыматтар башкачарак.

Мындай жооптон кийин депутат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, министрликте текшерүү жүргүзүүнү суранды.

"Акылбек Үсөнбекович, мен суранат элем. Айыл чарба министрлигине Камчыбек Кыдыршаевичтин балдарынан жөнөтүп койгулачы, текшерип чыксын", - деди.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинети, укук коргоо органдары да текшерүү жүргүзүп турарын белгиледи. Шайлообек Атазов жоопко канааттанбай: "Генералдын өзүнөн суранайын, баары бир табат. Себеби сапатсыз буудайлар, балыктар, пияздын чиригени боюнча түрдүү маалыматтар келип жатат", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14645