"Аю" заводунун директору кармалды. Ал Шаршенбек Абдыкеримовдун тууганы
RU

"Аю" заводунун директору кармалды. Ал Шаршенбек Абдыкеримовдун тууганы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аю" заводунун издөөдө жүргөн директору Тыныбек Исаев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Айтымдарында, эки күн мурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан "Аю" холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун жакын тууганы, "Аю" ЖЧКсынын издөөдө жүргөн директору Тыныбек Исаев кармалган.

Издөөдө жүргөн Абдыкеримовдун дагы бир жакыны кармалып, ал үй камагына чыгарылган.

Өздүк булактардын маалыматына ылайык, Шаршенбек Абдыкеримов АКШда.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын апрель айында ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Алкоголду жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иш алкоголдук продукцияны өндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте териштирилген. Анын алкагында спирт заводдун 3 кызматкери: 1971-жылы туулган "Токмок Буллз" ЖАКтын башкы директору А.А., спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы 1982-жылы туулган М.Т. жана башкы технолог 1988-жылы туулган И.А. кармалган.

Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен "Аю" холдингдин ээси Шаршенбек Абдыкеримов соттун чечими менен СИЗО-1ге сырттан камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14678