"Токтоткула!". Ташиев криминалдарга акча бергендер да жоопко тартыларын эскертти
RU

"Токтоткула!". Ташиев криминалдарга акча бергендер да жоопко тартыларын эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бизнесмендерге кайрылып, кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө акча бербөөгө чакырды. Ал мындай сунушун социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандардын баарына кайрылабыз. Кимде-ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар.

Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат.

Эми баарыңарга эскертебиз! Мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, "крим чөйрөсүнөнмүн" деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт", - деди Ташиев.

Ошондой эле буга чейин криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыркагандар болсо УКМКга кайрылууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14684