Депутаттар бир күндүк маянасын Палестинага жардам катары котормой болушту
RU

Депутаттар бир күндүк маянасын Палестинага жардам катары котормой болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештеринин бир күндүк маянасын Палестинага которуу боюнча сунушту добушка коюуну суранды.

Депутат Жалолидин Нурбаев Тышкы иштер министрлиги атайын эсеп ачса деп сунуштады.

Эл өкүлдөрүнүн сунуштары добушка коюлуп, депутаттар бир күндүк маянасын Палестинага котормой болушту.

Ал эми төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул боюнча Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп, которо алабызбы же жокпу тактарын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14752